Саламаттыкты сактоо министрлигинин коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган эсебине 116 миллион 808 миң 450 сом чогулду.

Бул тууралуу бүгүн брифингде финансы министринин орун басары Марлен Амандыков билдирди. Анын айтымында атайын түзүлгөн комиссия 38,5 млн сомду медицина кызматкерлерине маяна катары берүүнү чечкен.

Бүгүнкү күндө 1 миллион 945,7 миң сом вируска каршы күрөшүүгө керек болгон жагдайларга корогон.

Эске салсак, учурда өлкөдө COVID-19 жуктургандардын саны 280 киши, алардын 34 медицина кызматкерлери, 4 киши каза таап, 35 жаран вирустан сакайды.