Исфана шаарынын активдүү жаштарынан түзүлгөн демилгелүү топ чет жерде иштеген жана Исфана шаарында жашаган жаштардын демөөрчүлүгү менен 18 аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам көрсөтүштү.

Исфана шаарынын тургундары мындай иш-аракеттери үчүн жаштарга жана демөөрчүлөргө терең  ыраазы. Белгилей кетсек, жаштардан куралган демилгелүү топ аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоону улантууну каалаган демөөрчүлөр болсо, көпүрө болуп берүүгө даяр экенин билдирди.

Мындай маалыматты бүгүн фейсбуктун колдонуучусу Мурат Эгембердиев баракчасына жазып калтырган.

Биздин маалыматтык сайт кыйын күндөрдө элге жардам берген мекенчил жарандар тууралуу коомчулукка чагылдырып турмакчы.