Мекенчил инсан, жеке ишкер Исманали Жороев бул күндөрү Лейлек районундагы айылдарды залалсыздандыруу үчүн Бишкек шаарынан 300 литр атайын каражаттарды жөнөттү.

Эскерте кетсек, Исманали Жороев жакынкы күндөрү эле Лейлек районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам берип келген.

Кыйын күндөрдө элге жөлөк, өлкөгө тирек болгон ушундай азаматтарыбыз турганда, бул апаатты жеңип, оор күндөрдү тез эле унутуп, жай турмушка кайтабыз.