10-апрелге караган түнү өзгөчө абал киргизилген аймактарда коменданттык сааттын талап-эрежелерин бузган 50 жаран ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө жеткирилип, 7 автоунаа атайын жайларга токтотулганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында
2242 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул
тобу менен кармалган. Алардын баарына коменданттык сааттын талаптары
менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп,
экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен кое
берилген.

Белгилей кетсек, өзгөчө абал Бишкек шаары, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу
райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жана
Жалал-Абад шаарында кечки саат 20.00 эртең мененки 07.00ге чейин киргизилген.

 
ИИМ жарандарды өзгөчө абалдын жана коменданттык сааттын талаптарын так
аткарууга чакырат.