Кытайдын  шаарларында жан-жаныбарлар базарлары кайрадан өзүнүн көнүмүш нугуна түштү. Эпидемиянын чокусунан өттүк деп, Кытай бийлиги жарыя кылып, чектөөлөр жумшартылгандан тартып, жапайы жан-жаныбарлар саткан базарлар кадимкисиндей эле иштеп жатат. Өткөн жылдын этегинде дал ушул Кытайдын жапайы жан-жаныбарлар саткан базарларынын бирөөнөн (Уханда) жарганат менен кескелдириктен (панголин) коронавирус чыгып дүйнөнү каптаган деген версия бар. Эми ошондой базарлар эч нерсе болбогондой иштей башташты.

Бул туурасында британиялык Daily Mail газетаcы кооптонуу менен жазып чыкты. Газета КЭРдин түштүгүндөгү бир нече шаарларында, арасында Дунгуань (8 миллондон ашык киши жашайт) жана Гуйлинь (дээрлик 5 миллион эли бар) сыяктуу ири калаалары бар, кайрадан ачылган жапайы жаныбарлардын базарларынын жаңы сүрөттөрүн жарыялаган.   

Британиялык таблоид ошол шаарлардан тартылган бул фотосүрөттөрдү жергиликтүү кабарчылардан алган. Фотосүрөттөр 27-мартта тартылып газетага жиберилген.  

Булак: Abal.kg