Өткөн сутка ичинде Ош облусунун Ноокат райондук ооруканасында бир адам COVID-19 оорусунан каза тапты.

Республикалык штабда өткөн брифингде саламатттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдиргендей, бейтап каза болгон адам 87 жашта болгон.

Кыргызстанда жалпысынан оорудан беш адам көз жумду.