10-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусун жуктурган 18 жаӊы учур катталды.

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде маалымдады.

Ага ылайык, ооруну жуктургандардын ичинен Бишкек шаарында – 6
Кемин районунда – 6, Токмок шаарында – 1, Аламүдүн районунда – 1,
Сузак районунда – 2, Жалал-Абад шаарында – 1 жана Ысык-Көл облусунунун Ак-Суу районунда – 1 учур катталды.

Корона вирус илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны ушуну менен 298 болду.