Бүгүн, 10-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) кезексиз жыйынына катышат.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, иш-чара видеоконференция форматында өтмөкчү.

Жыйында коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө түрк тилдүү өлкөлөрдүн күч-аракеттерин бириктирүү маселеси талкууланат.

Ага Азербайжандын, Казакстанстандын, Түркиянын, Өзбекстандын,  Түркмөнстандын президенттери жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, ТМККнын башкы катчысы Багдад Амреев катышат. Ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) башкы директору Тедрос Аданом Гебреисустун катышаары күтүлүүдө.

Жыйынга Азербайжан мамлекети төрагалык кылат.