Европалык ири  Lufthansa  авиакомпаниясы коронавирус пандемиясынан кесепетинен улам болуучу финансылык жоготууларды эсептеп чыкты.

Аталган авиакомпаниянын башкы директору Карстен Спордун  айтуусу боюнча ал саатына болжол менен бир миллион еврону түзүүдө.

Eurowings, SWISS, Brussels Airlines жана Austrian Airlines өңдүү туунду компанияларга ээ Lufthansa  авикомпаниясынын кызматын учурда  бар болгону үч миңге чукул жүргүнчү пайдаланууда, белгилей кетчү нерсе бул көрсөткүч эпидемияга чейин 350 миңге жетип турган.

«Биз саат сайын болжол менен  бир миллион евро жоготуудабыз. Эгерде мамлекеттик колдоо болбосо биз бул кризистен өз алдынча  чыгып  кете  албайбыз» — дейт өз сөзүндө Карстен Спор.

Белгилей кетсек, 2019-жылы Lufthansa Group Европадагы эң популярдуу авиакомпания деген наамга татыган.  Өткөн жылы  Lufthansa Group компаниясынын тутумундагы авиакомпаниялар бир миллиондон ашык аба каттамдарын жасашкан.