Улуттук банктын билдирүүсү боюнча үстүбүздөгү жылдын февраль айында эмгек мигранттары Кыргызстанга 165, млн доллар которушкан.

Салтка айлангандай каражаттардын көпчүлүк бөлүгүн, тагыраак айтканда 96.2%, же 158.9 млн доллары Россия өлкөсүнөн которулган акча каражаттары түзөт.

Кошумчалай кетсек, январь айына салыштырмалуу акча которуулар 16.6 млн АКШ долларына көбөйгөн менен 2019-жылдын февраль айына салыштырмалуу 14.3 млн. долларга азайган жана ал Россия Федерациясынан которулуп келүүчү акча каражаттарынын азаюусу менен байланыштуу.

Жалпы жолунан 2020-жылдын эки айында эмгек мигранттары өз мекенине 313.6 млн АКШ долларын которушкан.