Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов коронавирус илдетин жуктуруп алган дарыгерлер менен видео байланыш аркылуу сүйлөшүп, абалдарын сурады.

Мэриянын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн кабарлагандай, калаа башчысы дарыгерлерге ден соолук каалап, балдардын жугуштуу ооруулар ооруканасындагы кырдаалды атайын комиссия иликтеп жатканын билдирди.

Аны менен бирге Таалайбек Сарыбашов илдетти жуктуруп алгандарды карап жаткан дарыгерлердин өкүлү менен да байланышып, көйгөйлөрүн укту.

Буга чейин коронавирус илдетин жуктуруп алган дарыгер адегенде умрадан келген жран менен байланышта болуп, андан кийин кесиптештерине жуктурган деген маалымат тараган. Көп өтпөй дарыгер өз чындыгын айтып чыккан.Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы окуяны териштирип, иликтөө үчүн Ош шаарына инфекциялык көзөмөлдүн адистери жөнөп кеткенин айткан.

Бүгүнкү күнгө карата ооруну 39 медицина кызматкери жуктуруп алганы маалым болду.  Алардын арасында дарыгерлер, медайымдар, инфекционисттер, лаборанттар, эпидемиологдор, ашкана жумушчулары жана кир жуугучтар бар.