Коом

Баткенде түшүм мол болуп, оруп жыйноо 10 күн мурда башталаары күтүлүүдө

Кечээ 9-апрелде Баткен облусунун тоолуу айылдарына жааган кар мөмөлүү бактарга канчалык зыян келтиргендигин, жер жерлерде түзүлгөн атайын комиссия иликтеп жатат.  Ал эми кылкандуу дан эгиндерине кардын жааганы  зыян келтирбейт дейт адистер.

Учурда күздүк кылкандуу дан толугу менен кошумча азыктандырылды. Отоо чөптөргө каршы дарылар берилип, сугаруу иштери жүрүүдө. Облуста 5007 гектарга күздүк дан эгиндери себилген.

Быйылкы жылы жаз өткөн жылга салыштырмалуу эрте келди, буга байланыштуу оруп жыйноо иштери 10 күнгө эрте башталаары күтүлүүдө.

Белгилей кетсек Баткен облусунун Кадамжай районунда Кыргызстанда биринчилерден болуп, оруп жыйноо жумуштары башталат. Кадамжайлык дыйкандар быйыл түшүмдүн мол болушун күтүп жатат. Былтыр гектарынан 2,8 тонна түшүм алынган болсо, быйыл 3,0 тоннадан алуу күтүлүүдө.  

КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button