Доллардын баасы күн сайын түшүп жатат.

Бүгүн 10-апрель саат 10:25ге карата доллардын улуттук валютага карата эң төмөнкү курсу коммерциялык банктарда 78 сомду түзсө, Улуттук банктын расмий сайтында 77 сом 80 тыйын болгон.

Өлкөдө долларды сатып алуунун эң жогорку курсу 77 сом 50 тыйынды түзсө, сатуу 78 сом 20 тыйын.

Эске салсак,  2020-жылдын 19-мартында доллардын курсу 12 сомго кымбаттап, ал 73 сомдон 85 сомго чейин көтөрүлгөн.