Пакистанда Кыргызстандын 73 жаштагы жараны COVID-19 инфекциясынан кайтыш болду. Маркумдун ага кошумча жүрөк оорусу да болгон.

 Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.

 Көз жумган жарандын экинчи тесттеринин жыйынтыгы күтүлүп жаткан, ал карантиндик зонада болчу. Улгайган курагынан улам анда башка тубаса илдеттери да өрчүп кеткен.

Маркумдун туугандарынын макулдугу менен сөөк Пакистанга коюлду.

Жалпысынан Пакистанда коронавирус инфекциясына чалдыккан Кыргызстандын 7 жараны бар. Бирөөсү каза болуп, алтоосу обсервацияда.