Коом

Ошто кош бойлуу келин коронавирус жуктуруп алган

Ош шаарында коронавирус жуккан кош бойлуу келин дарыгердин көзөмөлүнө алынды. Коронавирус жуккан кош бойлуу келин толгоосу башталса перинаталдык борборго которулат. Бул тууралуу 10-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Бүгүнкү күндө Бишкектеги №2 төрөт үйүндө жана Оштогу перинаталдык борбордо коронавируска байланыштуу атайын обсервация бөлүмдөрү ачылып, даяр турат. Ошто 30 орун даяр. Эгер вирус жукканы аныкталган кош бойлуу келиндер болсо, баары ошол жакка жаткырылат. Медицина кызматкерлери ооруну өзүнө жугузуп албашы үчүн атайын даярдыктан өттү.

Каратаев ««Кардио Азия» медициналык борборунда жаткан келин тууралуу билебиз. Аныкы 37 жума. Эгер төрөтү башталса перинаталдык борбордун обсервациясына жаткырабыз» деди.

Булак: Abal.kg

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button