Кытайдагы «Алибаба» жана «Джек Ма» фонддору Кыргызстанга COVID-19 инфекциясына каршы күрөшүүгө гуманитардык жардам жиберди. 

Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, гуманитардык жардамдардын жалпы 1 млн. 800 миң юанды (255 миң $ ашык) түзүп, коргоочу костюмдар, беткаптар, термометрлер өңдүү каражаттар тибинде келди.

Мындан тышкары, жакынкы аралыкта өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар жана экспресс-тесттердин келиши күтүлүүдө.

Аталган жардам Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин, Кытайдагы кыргыз элчилигинин жана ШКУ Катчылыгынын өз ара аракеттешүүсүнүн негизинде «Алибаба» жана «Джек Ма» фонддору аркылуу жүргүзүлдү.