Бишкекте коменданттык саат учурунда мас болгон төрт милиция кызматкери кармалган. Алардын үчөө унаа айдап бара жатышкан. Бул тууралуу журналисттерге коопсуздук кызматкерлери кабарлашты.

Алардын айтымында, ушул жуманын башында, коменданттык саат учурунда, Бишкек шаарынын Ленин районундагы МАККББ коопсуздук бөлүмүнүн эки кызматкери кармалган, алар экөө тең унаа айдап жүрүшкөн. 

Ошондой эле, дагы эки күзөт полкунун милиционерлери кармалган, алардын бири унаа айдап, экинчиси анын жанында отурган. Учурда бардык фактылар катталды.

Булак: Кыргызтудей сайты