Нью-Йорктук медсестра Александра Масиас, өзүнүн Facebook баракчасында коронавирус эпидемиясынын айынан пайда болгон шаардагы катастрофалык абал жөнүдө айтты.

Акыркы бир нече күндөрдөн бери, импровизациялап эле кура салынган интенсивдүү  терапия палатасында иштеп жатканын айтты. “Персонал жетишпейт, күн сайын жаңы кишилер кошулуп атса дагы (персонал) баары бир тажырыйбалуу кызматкерлер жетпей жатат (ушундай сандагы оорулуулар үчүн Жер бетинде кимдин тажырыйбасы жетиштүү боло алат?!), жабдыктар  жетишпейт”, – деп жазды Масиас.

Медсестранын айтканына карганда, ал бейтаптарына алар көз жумганга чейин  күн сайын колдоо гана көрсөтүп турат. “Алар биздин бөлүмдөн өлгөндөр үчүн мүшөктөргө салынып эле чыкпаса, бир дагы киши өзү кеткен жок”, – деп айтты медик.

Каза болгондордун көбү, ден соолугунда эч кандай маселеси жок, дени сак жаш адамдар, деп белгилеген Масиас. “Дени сак, күчтүү кишилер. Арасында COVID-19 аларды өлтүргөнгө чейин, бир эле учурда беш-алты жерде кыйналып-кысталбай эле иштеп жүрүшкөндөр да бар. Бул вирус адамдарды өлтүрөт “, – деп айтты медсестра.

Ал инфекця жугузуп алып, жабыр тартакндарга жана жакындарын жоготкондорго жаны аябай ачыырын айтты. “Мен силерди анткиле-минткиле деп мажубурлай албайм, бирок, мен  силерден жалынып-жалбарып суранам, бизди – медкызматкерлерди уккулачы, буга олуттуу мамиле кылгылачы”, – деп жыйынтыктады Масиас.

Булак: Abal.kg