Орусиянын “Шереметьево” аба майданында Кыргызстанга кетүүгө камынган кыргызстандык мигранттар кайрадан хостелге жайгаштырылды.

Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Гүлбарчын Байымбетова билдирди. Анын айтымында, Москва бийлиги тарабынан коопсуз жай, тамак-аш, ал тургай каалоочулар акы төлөнүүчү атайын жумуш да сунушталган.

Фейсбук социалдык баракчасына жүктөлгөн видеодо мигранттар каттам ачууну талап кылып, үч күндөн бери аталган аэропортто түнөшкөн.

Жерине ИИМдин Москвадагы өкүлү Аскат Алиев, Москвадагы кыргыз диаспораларынын жетекчилери барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, беш адамдан ашык топтолбоону эскерткенине карабай, мигранттар макул болгон эмес. Бирок аба майдандын коопсуздук кызматы алардын топтолуп турушуна уруксат берген жок.

Расмий эмес маалыматтарга караганда, Орусияда 1 млн. го жакын кыргызстандык мигрант бар экени айтылып жүрөт. Коронавируска байланыштуу аталган өлкө менен учак каттамы токтогон.