Президент Сооронбай Жээнбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) кезексиз жыйынында коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө чек аралардагы тоскоолдукту азайтуу сунушун жолдоду.

Мамлекет башчысы чек аралардын жабылышы элди жана дарыгерлерди медициналык коргонуучу каражаттар менен камсыздоого өз залакасын тийгизгендигин билдирди.

«Бул илдеттин кесепеттеринен болжол менен биздин бюджеттин киреше бөлүгү 20 пайызга азайышы мүмкүн. Ушуга байланыштуу, гуманитардык жүктөрдү жеткирүүдө, калкты күнүмдүк зарыл товарлар, дары-дармектер жана медициналык жабдыктар менен камсыз кылууда чек араларда тоскоолдуктарды азайтууну сунуштайм. Азык-түлүк коопсуздугуна кирген товарлардын тизмеси менен алмашып, анын негизинде Түрк кеңешинин товарларынын бирдиктүү реестрин иштеп чыгуу зарыл», деди Президент.

Сооронбай Жээнбеков уюмга мүчө мамлекеттеринин арасында жогоруда аталган товарларды экспорттоодо бааны төмөндөтүү, аларды жеткирүүдөгү административдик жана бажылык алымдарды жеңилдетүү механизмдерин иштеп чыгуу керектигин кошумчалады.

Мындан сырткары, Кеңешке мүчө өлкөлөрдүн көптөгөн жарандары коронавируска тиешелүү киргизилген чектөөлөрдөн улам өз мекендерине кайта албай, башка өлкөлөрдө калгандыгын кошумчалап, оор абалда калган кыргызстандык жарандарга ар тараптуу көмөк көрсөтүп, миграциялык жеңилдиктерди берүүнү суранды.

ТМККга мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйыны онлайн режиминде өттү. Кеңешке Кыргызстан, Азербайжан, Казакстанстан, Түркия, Өзбекстан,  Түркмөнстан жана Венгрия мамлектетери мүчө.