Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) видеоконференция форматындагы кезексиз жыйыны жыйынтыкталды.

Иш-чара дүйнө жүзүн каптап жаткан коронавирус инфекциясы жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө түрк тилдүү өлкөлөрдүн күч-аракеттерин бириктирүүгө арналды.

ТМККга мүчө-мамлекеттердин башчылары коронавирус менен күрөшүүдө улуттук деңгээлде көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып беришип, өлкө экономикасына анын тийгизип жаткан терс таасирин жеңип чыгуу боюнча ыкмалар, постпандемиялык мезгилде соода-экономикалык тармактарда биргелешкен иш-чараларды ишке ашыруу, саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө кызматташууну тереңдетүү жөнүндө пикир алмашышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков дагы өз баяндамасында түзүлгөн кырдаалда координацияланган аракеттерди кабыл алуунун жана өз ара көмөктөшүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Чек араларда тоскоолдук болбошу керектигин белгиледи.

Кезексиз жыйындын соңунда Жыйынтык декларациясы кабыл алынды.

Видеоконференция форматында өткөн жыйынга Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев, Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан, ТМККнын башкы катчысы Багдад Амреев жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БСУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебреисус катышышты.

Эске салсак, ТМКК Кыргыз Республикасынын Чолпон-Ата шаарында 2018-жылдын 3-сентябрында өткөн Саммиттен кийин үч жылдык тыныгуудан соң өз ишин кайра баштаган.

Жыйынга Азербайжан төрагалык кылды.