«Кыргызтелеком» ишканасы өзгөчө абал режими учурунда Кыргызстан боюнча чалууларды акысыз кылды. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, өзгөчө абал режими аяктаганга чейин өлкө ичинде чалуулар бекер болот жана убактысы чектелбейт. Мындан сырткары, өлкө боюнча шаар аралык чалууларга мүмкүнчүлүгү жок абоненттер дагы акысыз сүйлөшө алышат.

«Биз абоненттердин баары байланышта болуусун каалайбыз. Азыркы тапта өзгөчө абалдан улам көпчүлүк үйдө. Мындан улам «Кыргызтелеком» абоненттерге жакындары менен баарлашууга шарт түзүп бермекчи», —дешти ишкананын маалымат кызматынан.

Булак: Спутник сайты