Европанын башка мамлекеттерине салыштырмалуу коронавирустан өлгөндөр Германияда аз. Мунун себеби эмнеде? «Азаттыктын» суроолоруна Хекстер шаарында реаниматолог болуп иштеген Аскат Түркбаев жооп берген.

— Аскат мырза, мурдагыдан иш көбөйдүбү? Сиз иштеген Хекстер шаардык ооруканасында абал кандай?

— Мен иштеген ооруканада абал коронакризиске чейинкидей эле уланып жатат. Өтө чоң өзгөрүү деле болгон жок. Болгону нөөмөткө көбүрөөк туруп жатабыз. Шашылыш гана операциялар жасалууда. Калганы абал оңолгуча жылдырылды. Биздин оорукана 450 орундуу. Азыр реанимацияда коронавирус жугузуп алган беш адам бар. Ал эми шаар боюнча жугузуп алгандардын саны көп эле. Алардын белгилери жеңил болгондуктан үйүндө дарыланып жатат. Коронавирустун симптомдору менен келгендерди атайын бөлмөдө кабыл алышат. Дароо ооруканага киргенге уруксат берилбейт. Бардык коопсуздук чаралары сакталган.

Өлүмдүн аз болуп жатышынын дагы бир себеби бул жакта жасалып жаткан тесттердин көптүгүндө деп ойлойм. Анткени Германияда күнүнө он миңдеген тест жасалып жатат.


— Германияда коронавирусту 100 миңден ашуун адам жугузуп алса дагы адам өлүмү башка коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу аз экен. Мунун себебин сиз эмнеден көрөсүз?

— Албетте, биринчиден калктын аң-сезими десек болот. Бардык эрежелерди так сактап жатышат. Канцлер Ангела Меркелдин да элине кайрылуусу аябай күчтүү болду. Согушту башынан өткөргөн эл дароо угуп, эч кандай өзгөчө кырдаал киргизилбесе да «үйдөн чыкпагыла» десе баш ийди. Бул жакта деле бийликти жаман көргөндөр бар, бирок ушундай учурда ар бир жаран өзүнүн жана жакындарынын саламаттыгына жоопкер экенин сезип бийликтин айтканын аткарып жатат.

Демек бул багыттагы мамлекеттик саясат жакшы жүргүзүлдү. Маселен, биздин эле шаарда жалгыз жашаган кары-картаңдар сыртка чыкпасын деп жашыраак коңшу-колоңдору керектүү азык-түлүгүн, дары-дармегин алып келип беришүүдө. Анткени коронавирус өзгөчө улгайган адамдар үчүн кооптуу экенин баары түшүнүп турушат. Экинчиден, коронавирустун жайылышы күчөй баштаганда өкмөт медицина тармагын мобилизация кылып, план түзүп, коркунучка даяр болуш үчүн бардык аракеттерди көрдү. Кошумча орундар даярдалды, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар толукталды. Бул жагынан алганда Германияда медицина күчтүү.

Өлүмдүн аз болуп жатышынын дагы бир себеби бул жакта жасалып жаткан тесттердин көптүгүндө деп ойлойм. Анткени Германияда күнүнө он миңдеген тест жасалып жатат. Кээ бир адамдар коронавирус жугузуп алса деле симптомдору жок жүрө беришет да. Тест аркылуу аныктаган соң аларды дароо изоляцияга алууга шарт түзүлүп жатат.

Булак: Азаттык үналгысы. Маектешкен Элиза Кененбаева