Кылымда бир келчү кыйын күндөр кыргызды бириктирди. Бир тилек, бир жүрөк болуп, бары жогуна, азы көбүнө колун сунду. Маалыматтын заманы эмеспи, муктаждарга жардам кылган ондогон, жүздөгөн адамдар тууралуу окуп турабыз.

Биздин маалыматтык сайт дагы жардам берген жарандарды, дегеле элге колун сунган аракеттерди коомчулукка жеткирип турууну максат кылганбыз. Жакшылык иштер улгу, сабак болуш керек.

Бул жолку каарманыбыз, ишкер айым, жарандык автивист Инаят Ниматова. Инаят айым чек арада жайгашкан, алыскы Лейлек районундагы аз камсыз 100 үй-бүлөлөргө азык түлүктөрдөн турган баштыктарын таратып берди.

Кыздары кыйын кыргыздын! Бали, азаматсыз! Берүүчү кол болуу үчүн дагы пейил ток, көңүл ток, мээримге толгон жүрөк, мекенди сүйгөн улуу сезимдер керек! Элге жөлөк, өлкөгө тирек болуунун өзү чоң бакыт!