«Ноокен жаштары» коомдук бирикмеси 10-апрель күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берди. Иш-чараны коомдук бирикменин төрагасы Кадырбек Абдыжапаров демилгелеп, кайдыгер эмес жарандардын көмөгү менен өттү.

Жаштар жалпы жонунан Ноокен районундагы 45 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк таратты. Өз кезегинде жардам алган жарандарыбыз жаштарга ак батасын берип, мындан аркы иштерине, окууларына ийгилик каалашты.

Коомдук бирикме муну менен гана чектелип калбастан, жакынкы күндөрү бул саамалыкты уланта турган болду.