Коронавирус жуктуруп алган 100 миңден ашык адам каза болду. Бул тууралуу инфекциянын жайылышына мониторинг жүргүзгөн Жонс Хопкинс университети билдирген.
Каза болгондордун эң көп саны Италияда – 18 849 миңге жакын катталган. Андан кийин АКШда – 17 925, Испанияда – 15 970, Францияда – 13 215, Улуу Британияда – 8 974.
Дүйнө жүзү боюнча таажывирусун жуктуруп алгандардын саны 1,65 миллионго жетти. Анын ичинен АКШда – 475,7 миң адам, Испанияда – 157 миң, Италияда – 147 миң.