“Товарлардын, өзгөчө азык-түлүктүн эркин кыймылын камсыз кылуу маанилүү”, -деди өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев күн мурун өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында.

Министрлер кабинетинин башчысы жүк ташыган айдоочулардын убактылуу санитардык-эпидемиологиялык кыймылынын эрежесин кабыл алуу боюнча ишти биргеликте жүргүзүүнү сунуштады.

“Коронавирус инфекциясынын жайылышынын таасирине байланыштуу орто мөөнөттүү мезгилге макроэкономикалык кырдаалдын болжолун даярдоо жана пандемиянын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды иштеп чыгуу зарыл», — деди Абылгазиев.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында жалпысынан 9 маселе каралды. Анын ичинде коронавирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу маселе негизги тема болду.

Жыйындын катышуучулары пандемия шартында ЕАЭБде макроэкономикалык туруктуулукту сактоого багытталган бир катар чараларды жактырышты.