Petropavlovsk, Kazakhstan - September 2, 2017: School line is in schoolyard with pupils and teachers. Children go back to school. The Knowledge Day in Kazakhstan first day of school.

Казакстандын билим берүү министри Асхат Аймагамбетов коронавирус инфекциясынын тегерегинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу 9-11-класстын окуучулары бүтүрүү экзамендерин тапшырбай турганын айтты.

Бүтүрүүчүлөргө окуу жылдагы жалпы баа коюлат, анын негизинде бүтүрүү экзамендери да бааланат. «Бүтүрүү экзамендер болбойт, жылдык баанын негизинде экзаменге баа коюлат да аттестат берилет» деп билдирген министр.

Ошондой эле Аймагамбетов дистанциялык окутуунун усулдары тууралуу буйрукка кол коюлганын, ага ылайык, мугалимдер окуучудан тапшырманы аткарып жатканын тастыктаган сүрөт-видеолорду сураганга уруксат жок экенин белгиледи.

Мындан сырткары мугалимдер мектептеги отчётторду жазуудан бошотуларын билдирди.