Коом

Ыр жашаган жүрөктө, чыр жашабайт эмеспи

Жамандыкты амандык жеңет. Согушта, үркүндө деле күн кечирген кыргыз. Ачкадан өлүп кетчү убакыт эмес. Эң башкысы бул оорудан кутулсак, жай турмушубузга жетсек ошондо бактылуубуз.

Буюрса бул күндөр да өтөөр. Ошондо ким кандай абалда болот болду экен.

Карантин бүтсө, көбү чач тарачка чуркайт болуш керек. Аякта, сулуулук салондо укмуштуудай кезек болот.

Жазында сатам деп алып келген соодагердин товары жакшы өтпөй калды. Алар кантээр экен.

Айрыкча көп басып, тынчы жок жүргөндөрүбүз, жанагы байлоодо көпкө жатып, бошонгон иттей эле, алды артын карабай буулугуп чуркап, алдыдан эмне жолукса, бир сүзүп анан эсибизге келебиз го…

Кудай эле сактасын, ошондо дубалга туш болбосок экен… Ырчылар сахнаны, тойду сагынышты. Тойго деген бирөөнүн кымбат көйнөгү, ал да үмүт менен жол карап турат го чиркин…

Көп басып, көп айымдар менен мамиле жасаган байкуш эркектер аялдарынан тажады окшойт…

Балдар бакчаны, мектепти, көчөнү сагынды. Араба сүйрөп күнүмдүк нанын тапкан кембагал кантти экен???

Акылдуулар таразага түшүп койду болуш керек. Жей берип, канча салмак кошконун билейин деп…

Догдурлар, буларга сөз жок. Тынч, санаасы жок уйкуну сагынышты. Булар гана биз сезбегенди сезишти чиркин…

Мугалим окуткан балдарын, эки койгон мугалимин окуучу сагынды…

Милиция байкуштарды кээде жөн эле жаман көрөбүз. Себеби, «бир карын майды бир кумалак чиритип» койгон учурлар бар. Булар уйкуну унутуп калышты. Басып баратып, уктаганга көнүп калгандай…
Кыскасы санаадан, сагынууга өтө баштадык. Бири бирибиздин кадырыбызды сезе баштадык. Жайлоону сагынган койдой болуп… Айтсак көп, жазсак көп нерсе бар…

Ошол күнгө жеткирсин Кудайым! И баса мен эмнени сагындым? Топтогу кыздарым менен, комуз чертишип, аккордеон ойношуп, ырдашкан, сырдашканды сагындым.

Ыр жашаган жүрөктө, чыр жашабайт эмеспи.

А калем менен кагазымды саат сайын сагынып турам. Кудайга шүгүр, алар жанымда…

Амандык тилейм кыргызым! Түгөл бала-бакыра, эли журтубуз, тууган-урук, дос, куда сөөк менен өткөрчү жакшы күндөрүбүздү өзүбүзгө Жаратканым кайырып берсе экен. 

Байбугуева Күлбүбү, акын

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button