Финляндиядагы наабайкана сатып алуучуларга даараткана кагазынан жасалган тортторду сунуштоо менен сатуу көлөмүн көбөйтө алган.

Март айында, тагыраак айтканда пандемия учурунда кулинария жаатындагы бардык буйрутмалар токтотулган. Банкрот болууну каалабаган наабайчылар тортторду дарааткана кагазынын рулону сыяктуу формада бышырууну чечишкен.

Наабайкананын ээси Санна Лампинендин айтуусу боюнча мындай торттордун сүрөтү соцтармактарга түшөөрү менен кондитерлерге жүздөгөн жаңы буйрутмалар келип түшкөн. Ошондой эле ал наабайканасын жабуунун ордуна жаңы эки кызматкерди ишке алгандыгын айткан.