Коронавирус инфекциясын жуктуруп алган дарыгерлердин жалпы саны 51ге жетти. Бул көрсөткүч жалпы оорулуулардын 15 пайызын түзөт.

Өткөн суткада дагы 12 медицина кызматкери ооруну жуктуруп алганы белгилүү болгонун саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев брифингде маалымдады.

Жаӊы учурлардын ичинен 8 медкызматкер Бишкек шаарында, 1 – Нарын облусунда, 3 – Ош шаарында.

Алардын арасында дарыгерлер, медайымдар, инфекционисттер, лаборанттар, эпидемиологдор, ашкана жумушчулары жана кир жуугучтар бар.