9-апрель түнү жана 10-апрель эртең менен республиканын көпчүлүк ашууларында, жана тоолуу аймактарда кар жаап, бороон-чапкын болду. Жааган кардын калындыгы 20-25 сантиметрге жетти.

Нарын-Оруктам автожолунун 60 чакырымына түшкөн кар көчкү жолчулар тарабынан атайын техника менен тазаланды.

Транспорт жана жол министрлиги ашуулар аркылуу кеткен айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырып, жанында күрөк, чынжыр алып жүрүү керек экендигин дагы бир ирет эскертет.

Унаалар ортосунда 500 метр аралыкты сактоо, кар көчкүнүн алдында калуудан сактайт.