Өткөн суткада коронавирус оорусун жуктуруп алган оорулуулардын ичинен бешөөсү айыкты.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдиргендей, жалпы 44 киши айыкты.
Жалпысынан стационарда жайгашкан COVID-19 инфекциясы аныкталган бейтаптардын саны -290ду түзөт.
Алардын тогузу оор абалда, алардын ичинен, 5 адам реанимацияда.