Британ бийлигин медиктер ассоциациясы кара денелүү жарандар Covid-19 вирусунан башка улуттарга салыштырмалуу көп жабыркап жатканынан улам көңүл бөлүүгө чакырды.

Бул тууралуу Британиянын медицина ассоциациясынын башчысы Чаанд Нагпол кайрылуу жасады. Анын айтымында Британияда каза болгон 10 дарыгер тең кара денелүү Африка жана жакынкы чыгыш Азия өлкөлөрүнөн бир нече жыл мурун келгендер болгон.

Улуу Британияда 2000 пациенттин 35% дал ушул кара денелүүлөр түзөт.

Бул кокусунан эмес, балким булар вируска каршы тура алышпайт. Ал үчүн тезинен бийлик чара колдонуусу керек дейт — Чаанд. Ушундай эле көрүнүш АКШ да байкалган. Коронавирустан каза болгондордун дээрлик көпчүлүгү афроамерикалыктар болгонун медиктер айтышууда.