Пандемия тараган күндөн тартып, дүйнөдө бир топ медициналык кызматкерлер жана институттар изилдөө жүргүзүп келет.

Натыйжада аялдарга салыштырмалуу эркектер вирустан көп жабыркап, ооруну оор көтөрүшкөн. Британиялык көз карандысыз интенсивдүү изилдөө терапия борборунуна 73% эркектер вирустан жабыркап кайрылган жана 73,4% өтө толук мырзалар болгон.

Адистердин айтымында мындай ашыкча салмактагы эркектердин коронавирустан толук айыгууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Француз дарыгерлеринин маалыматына таянсак жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган адамдардын дээрлик көпчүлүгү толук, ашыкча салмактагы эркектер болгон. Ушундай эле көрүнүш Нью-Йоркто байкалган. Алардын 80% ашыкча салмактагы семиз эркектер.

Эксперттер бул көрүнүш эмнеден улам болуп жатканын так айта албай турганын билдирди. Балким бул аялдардын табиятта тубаса чыйрак болуп, иммунитетти мырзаларга салыштырмалуу бекем болоору менен байланыштырат. Ал эми мырзалар аялдарга салыштырмалуу анча өздөрүнө кам көрбөгүндүктөн, чылым чегип, алкоголдук ичимдиктерди пайдалангандыгы себеп болгону менен түшүндүрүшүүдө.