10-апрелден тарта коммерциялык банктар жаңы конуштарда көчмө кызмат көрсөтүп баштады.

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиевдин айтымында мындан ары “Саат 10:00дөн 15:00гө чейин Ак-Ордо, Арча-Бешик, Ала-Тоо, Мурас-Ордо, Калыс-Ордо, Ак-Босого жана Эне-Сай конуштарында көчмө кассалар иштей баштайт. Өзгөчө абал учурунда “Керемет”, “РСК”, “Кыргызстан”, “Оптима”, “Финка”, “Дос-Кредобанк” жана “Бакай” банктар конуштардагы жарандарга жеринен банктык кызмат көрсөтүшөт”.

Бул кадам карантинде үйдө отурган жарандарга дарыкана жана азык — түлүк алууда банкка барып акча чечип алуусуна байланыштуу ишке киргизилген.