AliExpress виртуалдуу соода аянтчасынын түзүүчүсү Кыргызстанга  255 миң АКШ доллары өлчөмүндө гуманитардык жардам жөнөткөн. Мындай жардам Кыргызстандан сырткары, Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Индия, Вьетнам жана Бутан мамлекеттерине дагы көрсөтүлөт.

Республикалык штабдын билдирүүсү боюнча Кытай миллиардери Жек Мага тиешелүү кайрымдуулук фонду COVID-19 вирусунун андан ары таралышына бөгөт коюу үчүн Кыргызстанга гуманитардык жардамдарды жөнөткөндөгү тууралуу билдирди.

Буга чейин Alibaba интернет-ритейлердин (AliExpress) негиздөөчүсү Жек Ма Кыргызстан менен катар эле дагы алты өлкөгө жардам берээри тууралуу айтылган. Бул өлкөлөргө ал 1,7 млн медициналык бет кап, 165 000 тест-система, ошондой эле коргоочу кийим-кече жана медициналык жабдууларды жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алган.

Гуманитардык жүк менен Кытайдан келген чартердик рейс кечээ «Манас» эл аралык аэропортуна келип конгон.

Фонд коргоочу кийимдерди, бет кап жана контактсыз термометрлерди жөнөткөн. Мындан сырткары, жакынкы араларда экспресс-тесттердин жана өпкөнү жасалма жол менен дем алдыруучу аппараттардын келүүсү күтүлүүдө.

Гуманитардык жардамдын жалпы суммасы – 255 миң долларды (1 млн 800 миң юань) түзөт.