Чүй облусунун аймагында өзгөчө кырдаал режимдерин так сактап, жугуштуу
оорунун жайылышын алдын алуу багытында жумуштар күчөтүлдү.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдиргендей, Токмок шаарынын күч кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте күнү-түнү профилактикалык иштерди улантышууда.

Ага ылайык, Токмок шаарынын аймагына санитардык-карантиндик посттор орнотулуп, 24 саат нөөмөт менен жумуш алып барышууда. Андан сырткары жергиликтүү күч кызматкерлери жана ыктыярдуу элдик кошуундар тарабынан жөө
кайгуул уюштурулуп, көчөдө жүргөн жарандар менен түшүндүрүү иштери
улантылууда.

Соода түйүндөрдө, азык-түлүк саткан дүкөндөрдө ар дайым дизинфекциялап
туруу зарылдыгы кызматкерлер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан
байма-бай эскертилип, көчөдө топтошуп же себепсиз жүрбөөгө чакырышууда.
Эгерде азык-түлүк жана дары-дармектерге муктаждыктар болсо, бет кап
тагынып көчөгө чыгуу зарыл экендиги жергиликтүү тургундарга
жеткирилүүдө.

Күн мурун Токмок шаарында коронавирустун бир учуру катталганы расмий айтылган.