Коом

АКШда каза болгондорду көмүүгө жетишпей, абактагыларды да иштетип жатышат

АКШ коронавирус менен күрөшүүдө адам өлүмү боюнча рекорд койду. Нью-Йорк шаарында каза болгондордун сөөгүн жерге жашырып жетише албагандыктан, абактагыларды да жалдап иштетип жатышат.

Covid-19 вирусуна каза болгондорду тууган уруктары жоктор көмүлүүчү Харт аралына коюп жатышат.

Сөөктөрдү соснадан жасалган табытка салып, сыртына аты-жөнүн чоң тамгалар менен жазып калтырууда.

Бул кийин сөөктү керек болгондо казып алуу үчүн колдонулуп жатканын түзөтүү колониясынын жетекчиси Джейсон Керстен билдирди.

Маалым болгондой аралда буга чейин акы аз төлөнүүчү абактагылар иштечү. Алар жумасына 25 сөөк коюшкан. Мындан ары АКШ бийлиги Харт аралы коронавирустан каза болгондордун убактылуу мүрзөсү болуп калышы толук мүмкүн экенин билдирүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button