Кыргыз Республикасынын жарандыгына 1338 адам кабыл алынат. Анын ичинен 1031 — чоң адамдар жана 307 — балдар, алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгына ылайык, ылайык, 900 адам Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылат. Алардын ичинен 690 — чоң адамдар жана 210 — балдар.

Бардыгы болуп жаарндыкка кабыл алуу жана жарандыктан чыгуу боюнча 2238 адам кайрылышкан.