Коом

Аярлуу катмардагы окуучуларды коргоо үчүн Чүй соцпедагогдору күчөтүлгөн тартипте иштейт

Чүй-Токмок билим берүү бөлүмү аталган аймактагы класстан тышкаркы иштерди уюштуруучулар жана социалдык педагогдор менен онлайн конференция өткөрдү.

Конференцияга 40тан ашык соцпедагогдор катышып, дистанттык билим берүүдөгү тарбиялык иштердин негизги багыттарын талкууланды.

Социалдык педагогдорго телефон аркылуу сүйлөшүү, позитивдүү роликтерди жана эскертмелерди таратуу менен ишти күчөтүү тапшырылды. Өзгөчө социалдык жактан аярлуу катмардын үй-бүлөлөрүнө көңүл бурууну керектиги айтылды. Ошондой эле үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу жана балдар арасында суициддик жүрүм-туруму боюнча профилактика жумуштарды активдештирүү зарылдыгы белгиленди. Ар бир класс жетекчи менен бир нече күн байланышка чыкпаган окуучуларга мониторинг жүргүзүү тапшырылды.

Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептердеги класс жетекчилер класстык саатарды видео форматта өтүүдө чыгармачылык менен иш алып барып жатканы белгиленди. Окуучулар дистанттык сынактар, видеофлешмобдор, коронавирус боюнча профилактикалык иштерге жана Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш чараларга катышууда.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button