Баткен облусунда жалпы коомчулук дарыгерлерди коронавирустан коргоочу каражаттар менен камсыздоого жапырт киришти.
Облустун район шаарлары, айыл өкмөттөрү, аймактагы коргонуучу каражаттарга болгон муктаждыкты жоюу максатында, жергиликтүү бюжеттен каражат ажыратып, бей өкмөт уюмдарды тартып, жеке ишкер, кайрымдуу инсандар, активисттер, дин өкүлдөрү менен чогуу, жалпы коомчулук активдүү иш алып барууда.
Алар дарыгерлер менен санитардык карантиндик көзөмөл постто турган кызматкерлерди коргонуучу каражаттар менен камсыздоодо. Коргонуучу кийим кечелерди жер жерлерде тигүү цехтери, ыктыярдуу кыз келиндер тигип жатат.
Ошондой эле антисептик, гигиеналык, дезинфекциялык каражаттарды жана тепловизор сатып берген ишкерлер көбөйүүдө.


КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы