«Айыл банк» жана «РСК банк» банктары пенсионерлердин жана мамлекеттик жөлөк пул алуучулардын «Элкарт» төлөм карттары аркылуу акча каражаттарын алуу учурунда комиссиялык төлөмдөрдү албайт.

Аталган норма өлкө аймагында орнотулган өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режими учурунда иштей турганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Алыскы калктуу конуштарда жайгашкан шаймандарды кайрадан оңдоо үчүн убакыт талап кылынгандыктан, айрым учурда комиссиялык төлөм алынышы мүмкүн. Төлөм автоматтык түрдө алынса, комиссиянын суммасы мүмкүн болушунча тез арада кайрадан кардардын эсебине түшөт.

Расмий маалымат боюнча өлкөдөгү 670 миң пенсионердин дээрлик жарымынан көбү банктардан терминал аркылуу алышат.