Бүгүн 11-апрелде айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев өлкө аймагында жүрүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат берди.

Министр алгач өлкөдөгү кырдаалга токтолуп, COVID-19 пандемиясы болуп жатканы менен жазгы талаа иштери токтоп калбаганын белгиледи.

Бул жылы түшүм үчүн 1 миллион 219 миң гектар жер пайдаланылып,бул өткөн жылга салыштырмалуу 3 миң гектарга көп экенин кошумчалады. «Айыл-чарба техникаларынын ремонттору боюнча бир топ иштер алдыга жылган. Бирок тетиктерди табуу оор болуп жатат деген кайрылуулар көп экенин билебиз. Ошондуктан министрликте атайын түз байланыш иштейт: 0701 88 10 08. Күнүнө 150гө жакын дыйкандар чалып жатат. Техника шаймандарын таппай жаткандар же үрөндөр боюнча маселе болсо, чалса биз аны кайдан тапса болорун абалга жараша айтып беребиз», — деди министр.