Экономика

Жыл соңунда мамлекеттин кирешеси 30 миллиард сом жоготууга учурашы мүмкүн

Каржы министри Бактыгуль Жээнбаеванын айтымында жыл соңунда мамлекеттин кирешеси 30 миллиард жоготууга учурашы мүмкүн.

“Бүгүнкү күндө өлкөбүздө дээрлик бардык бизнес өз ишин убактылуу токтотту. Бул республикалык бюджетти аткарууга олуттуу таасирин тийгизүүдө. Республикалык бюджеттин киреше бөлүгү боюнча төмөндөө процесси жүрүүдө, жылдын жыйынтыгында төмөндөөнүн көлөмү 30 миллиард сомдон ашып кетиши мүмкүн”, — деп билдирди каржы министри онлайн брифингде. Жээнбаеванын маалыматына таянсак, коронавируска каршы күрөшүү иш-чараларынын алкагында бюджеттин чыгашалары көбөйүшү мүмкүн экенин кошумчалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button