«Экономиканы биротоло кыйратып албаш үчүн, өзгөчө абалды жумшартуунун жолдорун табыш керек,», — деп айтты 24.kg  агеттигине «Ата Мекен» саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев.

Анын сөзүнө карганда, өзгөчө абалды пандемия  басылганда гана толук алып таштаса болот.

«Баардыгы кырдаалга жараша. Өкмөт менен комендант биргелешип экономикалык маселелерди чечүүнүн жолдорун табышы керек, өзгөчө мааниси бар ишканаларды аныктап, алардын иштөөсүн камсыз кылуу зарыл. Албетте, кызматкерлеринин жана башка адамдардын коопсуздугун сактоо аркылуу. Менин оюмча, мындай жолдор бар. Коомдук унаа үчүн өзгөчө режимди аныктоо керек.  Кыргызстанда коронавирус кандай масштабды кучагына алаары белгисиз, андыктан бизге жарандарыбыздын ден соолугун, ошол эле учурда экономикалык системанын жашап кетүү жөндөмүн сактап калуу өтө маанилүү. Албетте, Кыргызстан мурда эч качан мындай шартта жашап көргөн эмес, ушундай өзгөчө абалды камсыз кылып да көрө элек болчу, маселенин көп болуп жатканы ошондуктан. 15-апрелден кийин кабмин менен парламент, кимдер үчүн жана кандай жолдор менен режимди жумшартышты чечиши зарыл», — деп эсептейт ӨмүрбекТекебаев.

Экономика толук жана оорду толбой тургандай болуп кыйрабаш керек.

Булак: Abal.kg