Жарганаттар COVID-19 пандемиясын тараткан SARS-CoV-2 вирусу чыккан топко кирген дагы алты коронавирусту алып жүрүшөт.

Смитсонов Улуттук зоологиялык  паркы менен жаратылышты коргоо биологиялык Институнун (АКШ) окумуштууларынын тобу ушундай ачылыш жасашты. Алардын иликтөөсү PLOS ONEде жарыяланды, деп билдирди, 11-апрелде Новости Mail.ru.  

Окумуштуулар эми алардын канчалык коркунучтуу экенин аныкташат.

Коронавирустар — 2020-жылдын январында тизмеге киргизилген 40ка жакын түрү бар вирустардын тобу. Ушул эле топко адамды жабыркаткан SARS-CoV (атипичная пневмонияны козгогуч), MERS-CoV (Жакынкы Чыгыштын респиратордук синдромун козгогуч), SARS-CoV-2 жана башкалар киришет.

Булак: Аbal.kg