Коом

Трамп АКШнын бардык штаттарында «масштабдуу кырсык» абалын жарыялады

АКШ Президенти Дональд Трамп 11-апрель ишемби күнү Вайонминг штатында «масштабдуу кырсык» (major disaster) режимин жарыялады. Бул тууралуу Fox News билдирген.

Вайоминг – мындай абал киргизилген Американын 50 штатынын акыркысы болуп саналат.  9-апрель күнү аталган штаттын губернатору Ак үйдүн башчысына мындай абалды киргизүү тууралуу расмий өтүнүчү менен кайрылган. Ошол маалда Вайомингде 200дөн  ашык адам коронавирустук инфекцияны жуктуруп алган.

 Американын тарыхында биринчи жолу бүтүндөй өлкө боюнча  «масштабдуу кырсык» режими жарыяланды — деп жазган америка лидеринин басма-сөз катчысы Жадда Дира өзүнүн Twitter-аккаунтына.

Белгилей кетсек, АКШ буга чейин дүйнө жүзүндө коронавирустан өлгөндөрдүн саны боюнча Италияны кууп өтүп биринчи орунга чыккан. Өлкөдө бул илдеттен каза болгондордун саны – 20,6 миң. Ошондой эле вирус жуктуруп алгандардын саны боюнча АКШ биринчи орунда – 529 111 адам. Ошол эле учурда 31,9 бейтап сакайып кеткен.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button