Словениянын Премьер-министри Янез Янша Европа өлкөлөрүндө коронавирустун жайылышына УЭФА жана анын президенти Александер Чеферинди күнөөлүү деп айтып чыккандыгы тууралуу World News коомдук телеканалы билдирген.

Яншанын айтуусу боюнча футболдук матчтар өтө эле кеч токтотулган. Муну ал «барып турган жоопкерсиздик жана кылмыштуу чечим» деп атаган. «УЭФА үчүн  Чемпиондор лигасын жана Европа Лигасын токтотууга Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун эскертүүсү жетишсиз болгон, себеби аларды бир гана акча маселеси кызыктырган»-дейт саясатчы.

Коронавирустун жайылышына байланыштуу УЭФА Чемпиондор лигасы менен Европа Лигасын убактылуу токтотуп, Европа чемпонатын кийинки жылга жылдырган. Ошондой эле дүйнө жүзү боюнча бир нече футболдук турнирлер токтотулган жана алардын качан жанданаары али белгисиз.