«Кыргыз Темир жолу» мамлекеттик ишканасы өлкөдөгү стратегиялык объект. Биздин өлкөнүн байланыш тармаганын басымдуу бөлүгүн кара жол, андан кийин темир жол, анан гана аба каттамы түзөт. Экономикалык байланыштар учурда негизинен кара жол жана темир жол менен болгондуктан Кыргыз Темир жолу ишканасынын мааниси канчалык экендиги айкын. Кыргызстан негизинен Россия мамлекети менен темир жол аркылуу алака кылгандыктан, бул тармак өлкөнүн күрөө тамырын кармап, экономикага зор салымы бар. Дал ушул себептерден Кыргызстан темир жолун мындан ары өнүктүрүү үчүн бул тармактын табитин жакшы билген, Россия менен алаканы мындан ары өрчүтүүгө бар аракетин жумшай турган Дашковдун бул мекемеге жетекчи болуп келиши учур талабы. Евра Аз ЭСтин алкагында Кыргызстандын товар ташуусу жана аны айлантуусу жалгыз ушул тармакка байдангандыктан Россия менен байланышты күчөтүү үчүн бул жетекчиден зор милдеттерди мамлекет талап кылып жатканы анык.